Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб Каныкей Эралиева - "Жаз" / Kanykei Eralieva - Spring [ Kyrgyz traditional music] в хорошем качестве

Каныкей Эралиева - "Жаз" / Kanykei Eralieva - Spring [ Kyrgyz traditional music] 10 лет назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



Каныкей Эралиева - "Жаз" / Kanykei Eralieva - Spring [ Kyrgyz traditional music]

Данное видео размещено без авторского разрешения. Надеюсь наша любимая певица Каныкей Эралиева не станет лишать нас - почитателей ее таланта возможности слушать данную удивительно красивую и прекрасную песню в ее исполнении. Спасибо за песню. Эралиева Каникей - обончу-композитор, ырчы Эралиева Каныкей Ак-Талаа районунун Баетов айылында 1956-жылы 9-январда туулган. Мектепте окуп жүргөндө ыр-хор ийримине катышып, алгачкы обонун 1960-жылдын орто ченинде жараткан. Мектептен 8-классты аяктагандан кийин 1970-жылы Бишкектеги М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын Баян бөлүмүнө тапшырып, бир эле мезгилде ырчылык өнөрдү да ийгиликтүү улантып өзүнүн жана кесиптештеринин бир топ обондорун Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жаздырган. 1976-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Композиция бөлүмүнө тапшырып, композитор А.Жаныбековдон билим алган. Кесиби -- композитор, баянчы, оркестрдин дирижеру. Бул окуу жайды 1984-жылы аяктап кыргыз телерадио комитетинин камералык хорунда солист болуп, көп жылдары Чүй облусунун райондорунун маданият бөлүмдөрүндө, Шаршен атындагы Чүй облустук куудулдар театрында иштеген. Ал 40 жылдык өнөрчүлүк жолунда 300дөн ашык ыр-романстарды, аспаптык жана симфониялык чыгармаларды жараткан. 1976-жылы Бүткүл Союздук «Мелодия» фирмасынан «Каныкей Эралиева ырдайт» деген көп тираждуу грампластинка чыккан. А.Бөдөшов менен бирдикте «Айыл кечи», «Күн балдары» аттуу ноталуу ыр жыйнактарын, 2003-жылы өзүнүн автордук «Коңур күздөгү кусалык» аттуу ноталуу ыр жыйнагын чыгарган. «Күн балдары» аттуу ыр жыйнагы мектептерде кошумча музыка окуу хрестоматиясы катары колдонулууда. Өзүнүн аткаруусунда 82 ыры камтылган компакт-диски жарык көргөн жана ноталуу ыр китептерге көптөгөн обондору киргизилген. 1988-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам берилип, 2008-жылы К.Молдобасанов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 2009-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы ыйгарылган.

Comments