Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб Шоро компаниясы кантип жаралган? / Жумадил Эгембердиев / Жаратман подкаст в хорошем качестве

Шоро компаниясы кантип жаралган? / Жумадил Эгембердиев / Жаратман подкаст 1 год назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



Шоро компаниясы кантип жаралган? / Жумадил Эгембердиев / Жаратман подкаст

Саламатсыңарбы, урматтуу мекендештер! Сиздердин алдыңыздарда Жаратман подкасты. Бул канал аркылуу сиздер элибиздин сыймыктуу, таланттуу, эң башкысы- адамзаттын жакшылыкка карай алга илгерилешине өз салымын кошкон, өз жолун тапкан, жоктон бар кылган жаратман замандаштарыбыз тууралуу кененирээк маалымат аласыз. Биздин алгачкы коногубуз - кыргыздын улуттук бизнесине чыйыр салган, улуттук баалуулуктарды барктап, сыйлап, баалап алууну үлгүсүн көрсөткөн мыкты агаларыбыз, ага-ини Эгембердиевдердин иниси Жумадил Эгембердиев болмокчу. Жумадил Эгембердиев агасы Табылды Эгембердиев экөө 1992- жылы «Шоро» компаниясын негиздешкен. «Шоро» компаниясы отуз жылдан ашык сапаттуу продукцияны өндүрүп, улуттук наркыбыз менен бирге жаңы технологияларды айкалыштырып, элибиздин арасында ишенимге ээ болуп, сүймөнчүгүнө айланган ийгиликтүү бизнестердин алдыңкысы болуп саналат. Бул чыгарылышта «Шоро» компаниясы кантип жаралган, кандай кыйынчылыктарды аттап өткөн, бизнестин башкаруу принциптери, жаңы жашоо концепциясы тууралуу маек болмокчу. Лайк басып, бул видео менен бөлүшүп, комментарийлерди жазгыла! Каналыбызга катталганды унутпаңыздар! ►Биздин Instagram: https://instagram.com/jaratman_podcas... ►Биздин TikTok:   / jaratman_podcast   ►Instagram Урмата Насыкулова:   / urmagramm   ►Видеомейкер:   / izat_mukhametaliev   ►Музыка:    • JAISAN - КЫЛ КЫЯК (OFFICIAL MUSIC)   #Жаратман #Шоро #ЖумадилЭгембердиев #компанияШоро #Кыргызстан #Jaratman #Podcast #УрматНасыкулов 00:00 Башталышы 00:55 Таанышуу 02:25 Табылды жана Жумадил Эгембердиевдердин бала чагы каякта өткөн?» 11:20 Ага-ини мамилеси 14:55 Уй було жана туугандар тарабынан тоскоолдуктар 17:10 Максым сатуу идеясы кантип пайда болгон? 22:15 Идеяны ишке ашырууда кандай кыйынчылыктар болгон? 27:10 Максым каякта жасалып жана сатылып баштады? 34:22 “Шоронун” максымы кантип элге тарады? 35:44 Канча убакытта “Шоро” компанияга айланды? 41:42 Бизнесте тууганчылык болуш керекпи? 43:45 “Шоро” компаниясындагы кадрлар реформасы 47:45 Ага-ини партнерлор 50:21 “Шоро” компаниясынын миссиясы жана баалуулуктары 53:20 “Шоро” үчүн эң баалуу нерсе - адам 55:05 “Шоро” эжелер көчөлөргө качан чыгат? 56:41 “Шоронун” сыры 58:15 Дагы бир долбоор: “Кара Булак” эко резорту 01:04:28 Кыргыздын ыштык мончосу 01:14:19 Жумадил агайдын жашоо образы 01:22:44 Кыргыздардын акча менен болгон мамилеси 01:24:15 Ысырапкорчулук - кыргыздын душманы 01:28:36 Кыргыз кандай улут болуш керек? 01:35:07 Ыраазычылык

Comments