Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб Меккеге кетчү жолго салым кошкон кыргыз Шабдан Баатыр! в хорошем качестве

Меккеге кетчү жолго салым кошкон кыргыз Шабдан Баатыр! 2 года назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



Меккеге кетчү жолго салым кошкон кыргыз Шабдан Баатыр!

2017-жыл. Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк “Манас” университети. Тарых бөлүмүнүн мугалимдери отурган бөлмөгө жашы улгайып калган аял кирип келет. Баштыгынан, эскилиги жеткен жана төрт бүктөлгөн саргайган кагазды сунуп: “Араңарда арабча окуй алганыңар барбы?” деп сурайт. Жазуу Осмончо жазылган эле. Осмон тили тамгасы арапча болуп, сздр тркч, арапча, фарсча бир тил эле. Тарыхчылардын назарын өзүнө дароо султан Абдулхамид IIнин мөөрү бурган. Түркиядан 10 000 чакырым алыстыкта жайгашкан Кыргызстанга, Осмон дөөлөтүнүн акыркы дооруна таандык болгон бул кагаз кантип келип калганы кызыгуу жаратат. Натыйжада бул документ “Хижаз темир жолун” курууда салым кошкон белгилүү манап, Жантай уулу Шабдан баатырга берилген төш белгинин тастыктамасы экендиги аныкталат. Бир кылымдан ашык унутта калган бул кагазды алып келген аялдан: “Сиз кимсиз деп сурашат?” Ооба, бул аял дал ошол Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы болчу. 2021-жылдын июнь айы. Анкара. КРнын президенти Садыр Жапаров расмий иш-сапары менен Түркия өлкөсүнө барат. Көпчүлүк байкабаса да, бирок протоколдук иш-чаралардын арасында тарыхка кызыккандар үчүн бир окуя орун алган. Кыргыз делегациясы тарабынан Түркия өлкөсүнүн башчысы Режеп Тайип Эрдоганга дал ошол султан Абдулхамид IIнин Шабдан баатырга берген төш белги тастыктамасынын түстүү көчүрмөсү даярдалып, белек катары тапшырылган. Бүгүнкү чыгарылышыбызда Шабдан баатыр бул тастыктаманы кайсыл эрдиги үчүн алгандыгын жана учурубузда бул нерсе эмнеге мынчалык маанилүү экендиги жөнүндө баяндап беребиз. ОСМОНДОРГО ЖАРДАМ КОЛУН СУНГАН КЫРГЫЗ БААТЫРЫ СТАМБУЛ-МЕККЕ ХИЖАЗ ТЕМИР ЖОЛУНА САЛЫМ КОШКОН АЛА-ТООЛУК КЫРГЫЗДАР

Comments